• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 9-июлга чейин газ берилбейт

26 Кулжа 20239:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 21-июндан 9-июлга чейин жаратылыш газы берилбейт. «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашкандай, ушул күндөрү Фрунзе көчөсүндө Осмонкул көчөсүнөн Калык Акиевге чейинки бөлүгүндө жаңы газ түтүгү орнотулууда.

Буга байланыштуу Москва-Жибек-Жолу, Осмонкул — Жаш гвардия бульвары менен чектешкен аймактардагы үйлөргө жаратылыш газы берилбейт. Жаңы газ түтүгүнө абоненттерди туташтыруу төрт этап менен жүргүзүлөт. Ондоо иштери 9-июлга чейин уланат.

Количество просмотров: 129