• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

19 Бугу 202211:34 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-майдан 27-майга чейин Бишкектеги газ өткөргүчтөрдүн айрым аймактарында келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында, эски жабдууларды алмаштыруу боюнча пландалган оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:

  • Ленин районунун Садырбаев, Гагарин, Омуракунов, Ашар, Л.Толстой көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
  • Биринчи май районун П.Лумумба, Шиш-Төбө, Орозов, Л.Толстой көчөлөрүнүн чектешкен аймагында.
Количество просмотров: 68