• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

7 Жалган куран 202310:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Количество просмотров: 83