• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

5 Теке 202116:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Проскурякова көчөсүндө жайгашкан 1971-жылы ишке берилген орто басымдагы газ өткөргүчтө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу 6-июлдан 9-июлга чейин жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жумуштарды коопсуз жүргүзүү максатында орто басымдагы газ өткөргүчтөр өчүрүлмөкчү.

Жаратылыш газы өчүрүлө турган аймак: Аламүдүн айылы, Чугуева, ЧКК, Чернышевский, Аламүдүн дарыясынын кесилишкен аймагы; «Куликовский» кондитердик үйү.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Количество просмотров: 109