• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкектин айрым райондорунда жылуулук, ысык суу өчүрүлөт

5 Бештин айы 2021 11:39 Бишкек Govori.TV

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы 6-10-декабрь күндөрү «НГЧ» отканалары тейлеген Крылов, 5 жана «Красный строитель» конуштарында жылуулук жана ысык суу берүүнү токтотот.

Буга көчөдөгү жер астындагы газ түтүгүндөгү газдын агып кетишин жоюу үчүн «Газпром Кыргызстан» ишканасы тарабынан Курманалиев, Алыбаев жана Ломоносов көчөлөрүндө жаратылыш газын берүүнү токтоткону себеп болууда.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынан билдиришкендей, аталган райондордо убактылуу жылуулук өчүрүлөт.

Бельской № 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20 (алар «Красный стройник» котельнясына карайт) көчөлөрүндөгү үйлөр

Лев Толстой көчөсүндөгү № 178, 180, 184, 186, 190а, 192, 194, 196, 198, 200, 202, 204, 206, 208 үйлөр. Лушихин, көчөсүндөгү No 15/1, 15/2, 15/3 үйлөр, Кривоносов көчөсүндөгү №4 үй. Крылова көчөсүндөгү №19, 19а үйлөр. Алыбаев (алар «НГЧ» котельнясына тиешелүү).

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын оңдоочу бригадасы жана керектүү техникасы иштеп жатат. Оңдоо иштери бүтөөрү менен белгиленген үйлөргө жылуулук бериле баштайт.

Количество просмотров: 1718