Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусия элчилигинин алдында, Ала-Тоо аянтында, президенттик администрациянын жана УКМКнын имаратынын алдында нааразылык акцияларды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр 13-апрелден 1-сентябрга чейин болот.
«Акцияларды Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький аянтында өткөрүүгө уруксат берилди»,-деп айтылат маалыматта.