Бишкек.01.09.2018.Govori.TV.
Лебединовка айылынын Жеңиш проспектисинде жайгашкан «Арзу» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 21:09 түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаал башкармалыгынын жалпы 5 бөлүмү тартылган.
Алдын ала маалыматка ылайык, кафенин ашканасында газ баллон жарылган. Ошол учурда кафеде той өтүп жаткан, бирок жабыр тарткандар жок деп айтылат.
Такталган маалымат боюнча, «Арзу» кафесинен чыккан өрт саат 22:47де чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Иллюстративтик сүрөт