9-июлунда Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошол күнү саат 09:00дөн 10-июлга караган түнкү саат 03:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик, өндүрүш объекттеринде суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
Суунун өчүрүлүшү диаметри 500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу экени кабарланды.