Бүгүн, 29-июндан тарта Семетей көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылды.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, чектөөлөр курулуш жана реконструкциялоо иштеринин башталышына байланыштуу киргизилди.
Мэрия шаар тургундарынан мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат.