Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Бишкекте Матросов көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү, болжол менен 16:00 чамасында Бишкектеги Мотросов көчөсүндө жайгашкан эмерек сатуучу салондордун биринен өрт чыгып, окуя катталган жерге төрт өрт өчүрүүчү топ жөнөтүлүп, тилсиз жоону өчүрүп жаткандыгы айтылды.
ӨКМ кабарлагандай, учурда өрттүн чыгып келишинин себептери аныкталууда.