Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо аяктады.
Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылып, бюллетендер автоматтык түрдө санала баштады.
Ал автоматтык түрдө саноочу урналардын эсебине негизделген, андыктан шайлоонун акыркы жыйынтыгы деп таануу мүмкүн эмес.
Эки округдан жалпы 120 тилке иштеди. Ал эми 219 654 шайлоочу тандоо укугуна ээ болчу.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата Биринчи май жана Свердлов округдарынан шайлоого 40 миң 970 адам же жалпы шайлоочулардын 18,65 пайызы катышты. Анын ичинен №27 Биринчи май округунда 15 миң 529 (13,73%) адам, №29 Свердлов округунда 25 миң 441 адам (23,88%) добуш берди.