Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат (даректер)
Traffic light with green light on, signal open to go ahead.
Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат (даректер)
30 Аяк оона 202316:23 Бишкек Govori.TV
Жакынкы аралыкта Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздугун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаардык милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын корутундусуна, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга ылайык, 2023-жылдын 20-апрелинде курулуш объектилеринин титулдук тизмеси түзүлдү, анын ичинде ушул максаттагы 28 объект бар.
Ошентип, шаардын төмөнкү көчөлөрүнүн кесилиштеринде жаңы светофорлор орнотулмакчы:
Фучик көчөсү, №1 шаардык ооруканасы (жөө жүргүнчү өтмөгү)
Өмүр – Алыкулов көчөлөрү;
Токтогул — Калык Акиев көчөлөрү;
Садыбакасов — Жайыл Баатыр көчөлөрү;
Л.Толстой — 7-Апрель көчөлөрү; (өтмөк)
Л.Толстой – Ибраимов көчөлөрү;(өтмөк )
Ауэзов — Кырман көчөлөрү;
Чүй пр. – Төрөкул Айтматов көчөлөрү;
Фатьянов — Кулатов көчөлөрү;
Байтик Баатыр, Дайыр Асанов атындагы парктын каршысы (жөө жүргүнчү өтмөгү);
Профессор Зима көч, Ак-Босого району № 101 орто мектептин жаны. (жөө жүргүнчү өтмөгү);
Эскерте кетсек, буга чейин төмөнкү кесилиштерде светофор объектилерин курууга тендер өткөрүлгөн.
Медеров- Матросов көчөлөрү;
Каралаев — Нуркамал көчөлөрү.
Учурда подрядчы менен келишим түзүү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, төмөнкү даректерде жайгашкан үч светофор объектисинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланды.
Абай — Горький көчөлөрү;
Чыңгыз Айтматов 93/1 – Безымянная көчөлөрү (Океев);
Токтогул — Раззаков көчөлөрү.
Белгилей кетсек, бул кадамдар коопсуз жана жалпы шаардык инфраструктураны түзүүгө, айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн да ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылууга багытталган.