Бүгүн, 29-майдан тарта Бишкектин Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Беларусь көчөсү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот. Ишти ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Бишкек мэриясы жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.