• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

25 Теке 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 26-июлдан баштап Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Карадарьинская көчөсүнө чейин оңдоо иштерине жабыла тургандыгын маалымдайт.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жолдорду калыбына келтирүү жүргүзүлөт.

Автотранспорттук каражаттардын жүрүүсү үчүн альтернативдүү жолдор Жукеев-Пудовкин, Матросов, Юнусалиев жана Карадарьинская көчөлөрү эсептелет.

Количество просмотров: 125