Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келди.
Түлөбаев өз каалоосу менен жазылган арызы негизинде кызматынан кеткен. Маалым болгондой ал башка кызматка өтүп жаткан.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында Эрмек Нургазиев «Кыргызстан» партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн.
Мындан тышкары, Нургазиев көп кабаттуу үйлөрдү курууда алдамчылыкка айыпталып жүргөн. Ошондой эле 2019-жылдын сентябрь айында аял кишиге кол көтөргөн жаңжал боюнча дагы аты аталган.