Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович дайындалды.
Ал эми Кошалиев Бакытбек Сейтекович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.