• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы каза болду

7 Жалган куран 202214:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Адамкулов Чыңгыз Төлөкович узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чыңгыз Адамкулов 45 жашында дүйнө салды.

Адамкулов Эмгек жолун 1996-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1997-1998-жылдары Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешинин катчысы болуп иштеген. Андан кийин 1998-жылы кайрадан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп дайындалган. Иште оң натыйжаларга жетишкендигине байланыштуу 2005-жылдын май айында Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-октябрындагы №485 Жарлыгы менен беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кызматына дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 14-августундагы № 159 Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы кызматына жаш курагынын чегине жеткенге чейин дайындалган.

Количество просмотров: 68