• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектин түштүгүндө айланма веложол пайда болот

16 Аяк оона 2019 9:40 Бишкек Govori.TV

Мэрия сейил бактарды куруу демилгесине кол түрө киришти. Азыркы күндө «Бишкекасфальтсервис» үч эс алуу зонасын курууну колго алган.

Айланма веложол:

Сентябрдын башынан бери башталган бул айланма веложолдун узундугу 8,5 км. болоору пландалды. Азыр Ч. Айтматов проспектисинде А. Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки аралыкта иштер жүрүп жатат, веложолдун уландысы Байтик Баатырдан Иманалиевге чейин болот. Ал жерде үч жөө өтмөк көпүрөлөр жана 130 дай отургуч орнотулат.

Восток-5теги сквердин жаңылоо:

«Бишкекасфальтсервис» Восток-5те жайгашкан скверди жаңылоо ишин да жүргүзүүдө. Анда жолдого төшөлгөн асфальт жаңырып, жаңы орундуктар орнотулат.

Тулебердиев көчөсү менен Кокчетавская көчөлөрүн кесилишиндеги эс алуу багы:

Үчүнчү эс алуу багы 11 гектар аянтты ээлеп Бишкектеги Тулебердиев көчөсү менен Кокчетавская көчөлөрүн кесилишинде жайгашкан.

«Бишкекасфальтсервис» муниципальдык ишканасы парктын тегерегинде 120 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат. Мындан сырткары парктын тегерегине 1 660 метр узундуктагы веложол курулат. Жана 150дөй отургуч орнотулат.

Бул парктын аймагына атайы видеобайкоо да орнотулааары кошумчаланды.

В южной части Бишкека появится кольцевая велодорожка
В южной части Бишкека появится кольцевая велодорожка
В южной части Бишкека появится кольцевая велодорожка
Количество просмотров: 45