Бишкектин түштүк тарабында куураган чөп өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-июлда «Түштүк” магистралын кесип өткөн “Ала-Арча” дарыясынын батыш тарабында, куураган чөп жана таштанды күйүп жатат деген маалымат 112 кызматына түшкөн.
Учурда күйүп жаткан тилкеде өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.