15-июндан 16-июнга караган түнү таштанды төгүлүүчү жайды өрттөө иш-аракети болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттөө белгисиз адамдар тарабынан таштанды таштоочу жайдын 3- 5-картасынын аймагында болгон. Бул факт боюнча «Бишкек шаарынын таштанды полигону» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды.
Полигондун аймагында өрттү өчүрүү үчүн 150 машина топурак алынып келинген.