Бишкек шаарында ата-энеси жок 180 балага жөлөк пул жана белектер тапшырылды. Бул тууралуу нин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышып, Бишкек менен Чүй облсунан чакырылган 180 балага белектер, бир жылдык жөлөк пул, тактап айтканда ар бир балага 27 миң 500 сомдон тапшырылган.
«Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында министрлик тарабынан турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө, балдарга колдоо көрсөтүүгө бардык күч-аракеттер жасалат. Ошондой эле кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү өлкөдөгү 355 балага жалпы 8 млн 552 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул берет», — деп айтылат маалыматта.