Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жарандарыбыз үчүн 2020-жылдагы фитир-садаканы берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
«Эми жарандарыбыз фитир-садаканы, зекетти берүүдө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын РСК банктагы эсептик счетуна РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, быйыл орозо 24-апрелде башталат.