Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент каршы пикир менен артка кайтарган Жер кодексине байланыштуу нааразы пикирлерин айтышты.
Жер кодекси президенттин каршы пикири менен артка кайтарылганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 6-апрелде билдирген. Бүгүн, 7-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун талкуулады.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков «президент кол койбой койсо парламент мыйзамды чыгаргандай болуп калды» деген пикирин айтты.