• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Amnesty International “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырды

15 Жалган куран 2024 11:11 Бишкек Govori.TV

Amnesty International (AI) уюму эл аралык уюму Жогорку Кеңеш кабыл алган “чет өлкөлүк өкүл” мыйзаманына вето коюлушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу билдирүү уюмдун сайтында жарыяланды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс кыргыз парламенти кабыл алган мыйзамга тынчсыздануусун билдирип, “он жыл мурда Орусияда кабыл алынган ушул сыяктуу мыйзам жарандык коомду системалуу жок кылууга негиз болгонун байкоодобуз” деди.

Мари Стразерс бул бейөкмөт уюмдарга гана эмес, активдүү жарандык коомго дагы терс таасирин тийгизерин айтып, кыргыз президенти мыйзамга вето коюлушу керек деди.

«Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү өкмөткө жана мыйзам чыгаруучуларга биригүү эркиндиги иш жүзүндө эмнени билдирерин эскертип, бул зыяндуу мыйзам чыгаруу демилгесинин мыйзамга айланып кетишине жол бербөө үчүн аларды жарандык коом уюмдары менен дароо конструктивдүү диалогго үндөшү зарыл. Адамдардын, айрыкча эң маргиналдуу адамдардын жашоосу жакшырыш үчүн бардык жерде адам укуктарынын сакталышын жана сакталышын камсыздоо өкмөттүн милдети», — деп кошумчалаган ал.

14-мартта «Чет элдик өкүл» деп таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 14-мартта тармактык комитеттин жыйыны дайындалган эмес. Комитеттин төрагасы Чолпон Султанбекова парламенттин жалпы жыйынында комиетте карала турган маселелер бар экенин айтып, ал үчүн танапис сураган. 15 мүнөттүк танапис берилип, “чет элдик өкүл” долбоору үчүнчү окууда кабыл алынган.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Количество просмотров: 85