• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Бир Дүйнө Кыргызстан» кыймылы президентти «чет элдик өкүл» мыйзамына вето коюуга чакырды

15 Жалган куран 2024 13:27 Бишкек Govori.TV

“Бир Дүйнө Кыргызстан” Укуктук кыймылы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, «Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндөгү» Мыйзам долбооруна вето коюу зарылдыгын билдирди.

«14-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык отурумдагы 3-окууда, түздөн-түз жарандык коом уюмдарынын ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган, Россия мамлекетинин «Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» Мыйзамынына үндөш (аналогу) болуп саналган «чет элдик өкүлдөр жөнүндөгү» Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Депутаттардын иш-аракеттери – алардын канчалык деңгээлде саясатташкан коррупцияга малынганын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркиндигин, конституциялык укуктарын системалуу түрдө бузуп келгени менен эч кандай жазаланбагандыгын көрсөтүп турат.

Кыргызстандагы коомдук уюмдар, сиз жеке өзүңүз демилгелеген ТӨМ (Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттары) жана тоолуу мамлекеттерге глобалдык жардам көрсөтүүнүн зарылдыгы боюнча Улуттук программаларды өнүктүрүүдө жана ишке ашырууда толук укуктуу өнөктөш болуп саналат. Биз, натыйжалуу кызматташууга жана биргеликте иш алып барууга ар дайым даярбыз.

ВЕТО коюунун зарылдыгы жөнүндө:
Биз, Конституциянын кепили катары Сизди, өзүңүздүн конституциялык укугуңуздан пайдаланып, бөлүп-жаруучу «Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндөгү» Мыйзам долбооруна вето коюшуңузду суранабыз.
Биз, мындай чечим, Кыргыз Республикасында адилеттүүлүктү жана жарандардын эркиндиги менен укуктарын коргоо боюнча мыйзамдуулукту орнотууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Биз, Кыргызстанда жарандык коомдун өнүгүүсү, жарандардын укутарына жана эркиндиктерине сый-урмат көрсөтүлүшү, биздин коомдо демократиялык принциптердин бекемделиши жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдар менен кызматташууга, бирге иш алып барууга даярбыз.

Терең урматтоо менен, «Солидарности» Тармагынын мүчөлөрү
Джамиля Капарова, Энсан Диамонд, Ош
Илгиз Камбаров, «Green Allience»
Адиль Турдукулов, «Шаман ТВ»
Лира Асылбек, Коалиция за Равенство
Толекан Исмаилова, Бир Дүйнө Кыргызстан
Чинара Айтбаева, «Наш Век»
Мария Колесникова, «Мув Грин»».

Эске салсак, 14-мартта Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Мыйзам долбооруна 66 депутат «макул», ал эми 5 депутат «каршы» добуш берген.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Количество просмотров: 84