• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Бизди келесо ойлоп жатат». Нарматова Байсаловду ЖКга чакырды

21 Кулжа 2023 18:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Надира Нарматова билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча мыйзам долбоорлорун кароону кийинкиге калтырууну сунуштады. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык тармакты тейлеген орун басары Эдил Байсаловдун өзүн келип документтерди коргоосу керек деп эсептейт.

«Көчөдөн интервью берип жүрөт. Парламент, цирк болсо, бул жакка айлампа (обруч) менен келип, ойноп берсин. Байсалов бул мыйзам долбоорлору боюнча терс пикирин билдирди. Ал бизди келесоо ойлоп жатат. Өз тармагына керектүү документтерди өзү келип коргосун”, — деди Нарматова.

Натыйжада ЖК депутаттары добуш берүү менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча мыйзам долбоорлорун күн тартибинен алып салышты.

Количество просмотров: 114