Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Адахан Мадумаровдун кесиптештерине мугалим болуусунун кереги жок деген пикирин айтты.
«Токтотсунчу, мугалим болуп, бул жерде Мадумаровдон башкасы сабатсызбы же эмне мамлекетибизги бир гана Мадумаров күйөт бекен? Бул жерде калган 88 депутат деле элдин элегинен өтүп келгенбиз. Кудайга шүгүр биздин да акылыбыз жетет. Мадумаровдун акылынын кереги жок», — деди Жеңишбек Токторбаев.
Буга чейин, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Министрлер кабинети тарабынан сунушталып жаткан улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдардын пакети жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу такталып бүтүшү керек экенин билдирген.
Мадумаровдун айтымында, 2018-жылы үч мыйзам долбоору иштелип чыккан.
«Бизге концептуалдык өзгөртүүлөр керек, ошондуктан бул долбоорлорду кайра жазып, аягына чыгарышыбыз керек», — деди ал.