Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит көз жумганын маркум жетектеп келген мекемеден кабарлашты.
57 жаштагы Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган. Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын Тажикстандагы, андан кийин Кыргызстандагы элчиси болгон.