25-февралга караган түнү Түштүк магистралда 17 жаштагы өспүрүм каза болду. БМВ үлгүсүндөгү жеңил унаа трассада бара жатып, Асылкеч көчөсү менен кесилишкен жерден чоң жолго бурулуп бара жаткан скутерди сүзгөн. 17 жаштагы бала алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Маркумдун бир тууганы 24.kg редакциясына билдиргендей, унааны белгилүү блогер жана ишкер Манас Эгембердиев айдап бараткан. Ал катуу ылдамдыкта келе жаткан. Жабырлануучу тарап блоггер жазадан качууга аракет кылып жатат деп шектенүүдө.
Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, экспертизанын жыйынтыгында BMW унаасынын айдоочусу кырсык болгон учурда соо абалда болгон. Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулган.