• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

2 жаштагы эгиз кыздарын сабаган келин камакка алынды

8 Жетинин айы 2023 13:23 Бишкек Govori.TV

Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүү учурунда “Ватсап” группалардан аял кишинин 2 жаш баланы уруп жаткан видео тасма тарап жаткандыгы тууралуу маалымат, 2023-жылдын 6-ноябрь күнү маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш балдарды уруп жаткан аял Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде Д.С.нын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынды.

Учурда өспүрүмдөрдүн денелеринен алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешеллүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат.

Количество просмотров: 1435