Бүгүн эксперттер үчүнчү ирет сотко келбегендиктен соттук процессти улантууга макулдук бердик. Бул тууралуу блогер Ырыс Жекшеналиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, иш мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу соттук процесс 27-ноябрь, саат 16:30га жылдырылды.
«Эки тарап жарыш сөзгө чыгып, соңунда прокурор 7 жыл сурады. Эскерте кетсем, буга чейинки процессте мамлекеттик айыптоочу эки беренени кошуп кароо менен 6 жыл эркимден ажыратууну суранган. Кийинки отурумда акыркы сөз сүйлөнүп, чечим чыгат»,-деп жазды ал.
20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.
Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча алты жылга эркинен ажыратууну суранган.
Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.