Кыргызстандык таксист Москва шаарындагы блогерден жаңы унаа белекке алганы соцтармактарда бүгүнкү күнгө дейре кызуу талкууланып жатат. Кыргызстандык Эген Апсаматов «Ала-Тоо 24» телеканалына маек берген.
«Абалын түшүндүрүп, суранган адамдарга жок дебей, бекер жеткирген учурлар көп эле болду. Жакшылык кылсаң, он эселеп кайтып келет дегенге ишенем. Ата энемдин тарбиясына рахмат!»,-деп билдирген ал.
Буга чейин орусиялык блогер Гусейн Гасанов атайыв социалдык эксперимент уюштуруп, такси кызматынын кайсы айдоочусу аны бекер жеткирүүгө макул болсо, ага унаа белек кылууну чечкен. Ага кыргызстандык таксист туш болгон. Көпчүлүк айдоочу Апсаматов кыргыз элинин боорукерлигин, айкөлдүгүн көрсөткөнүн белгилешип, аны алкашууда.