• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бодо мал сатып алып, акчасын бербей жок болгон. Чүйдө алдамчылыкка шектүү кармалды

26 Үчтүн айы 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

Москва районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 2021-жылдын 1-январь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 27 жаштагы Н.Р. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрь айында чала тааныш эки бала анын бодо малын 150 миң сомго баалап, 20 миң сомун беришип, калган 130 миң сомун бир нече күндөн кийин беребиз дешип, ошол боюнча телефондорун өчүрүп дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ушундай эле арыз менен 2021-жылдын 13-январь күнү жергиликтүү 24 жаштагы А.У. аттуу тургуну кайрылып, аны дагы алдоо жолу менен малын алып, 120 миң сомун бербей качып жүргөн балдарга чара колдонуп берүү тууралуу арыз жазган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн
иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 21 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштиери улантылууда.

Количество просмотров: 154