Бишкек.29.12.2017.Govori.TV
Саясий эксперт Валентин Богатырев 2017-жылдын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында президенттик аппараттагы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун адамдарын бөлдү. Богатыревдун пикиринде Алмазбек Атамбаев акыркы 2 жылда негизги жерлерге өзүнүн кадрларын коюп кеткен.
Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кызыкчылыгы бар орундарда өзун кылдат алып жүргөнү менен УКМКнын, премьер-министрдин ордуларына өзүнүн адамдарын алпарышы мүмкүндүгүн айтат.