14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев жардамга муктаж жарандарга көмөк акчалай берилиши керектигин билдирди.
«Эң оңой жана эффективдүү жардам акчалай көмөк көрсөтүү болуп саналат. Азык-түлүктөрдү бердик деп айтып жатасыздар. Эмнеге акчалай берилбейт? Алар кандай азык-түлүк сатып алууну өздөрү билишет эле да. Бардык өнүккөн мамлекеттерде акчалай жардам берилип жатат. Азык-түлүк менен берилгенде көрүп жатасыңар мэрлерге иш козголууда», — дейт Бокоев.
Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: «Акчалай жардам берилсе максатсыз пайдаланылып кетмек», — деген пикирин билдирди.