Боксчу Дмитрий Бивол 1-июнда Эр-Рияд шаарында ливиялык Малик Зинад менен беттешип, жеңишке жетти.
Ал атаандашы ливиялык Малик Зинадды 6-раундда техникалык нокаут менен утту.
Белгилей кетсек, бул мушташта Бивол Артур Бетербиевге каршы чыкмак. Бирок канадалык мушкер машыгуу учурунда жаракат алып, беттештен баш тартты.
34 жаштагы мушкер Дмитрий Бивол 1-июнга карата даярдыгын Ысык-Көлдөн баштаган.