• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Болат Назарбаевге байланышы бар базардагы мыйзам бузуулар боюнча иш сотко жөнөтүлдү

23 Кулжа 2022 11:37 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевге таандык экени айтылып жүргөн Алматыдагы «Алтын Орда» базарындагы мыйзам бузуулар боюнча иштин материалдары сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл март айында Altyn Orda QazTrade LTD жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) ишмердүүлүгү текшерилип, базарда монополия орнотулуп, баалар кымбаттатылып, атаандаштык тууралуу мыйзамдар бузулганы аныкталган.

«Бул факты боюнча ЖЧКга административдик иш козголгон. Иштин материалдары Алматы облусундагы Карасай райондор аралык сотуна жөнөтүлдү», – деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.

Коомчулукта Болат Назарбаевдики экени айтылып жүргөн бул базардын «кол тийбестигине» карата нааразылыктар болуп келген. Кандуу Январь окуяларына чейин расмий бийлик өкүлдөрү «Алтын Орда» тууралуу эч кандай терс маанидеги сөздөрдү айтышкан эмес.

Январь окуяларынан кийин Болат Назарбаев үй-бүлөсү менен Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө учуп кеткени кабарланган. Январдын аягында казак басылмалары «Алтын Орда базары» компаниясы бир да жолу салык төлөбөгөнүн, базар жетекчиси менен Болат Назарбаевдин биргелешкен бизнеси бар экенин жазып чыгышкан.

Февралдын башында президент Касым-Жомарт Токаев Алматы шаары менен Алматы облусунун акимдерине «Алтын Орда» базарын «тартипке келтирүүнү» тапшырып, бул үчүн аларга эки ай убакыт берген. Анда Токаев аталган базар «көп киреше таба турган жайга» айланганын айткан.

Апрелдин ортосунда базардагы текшерүүнүн жүрүшүндө 1,1 миллиард теңгелик салык мыйзамдары бузулганы аныкталганы кабарланган.

Количество просмотров: 601