Румыния менен Болгария 2025-жылдын 1-январында Шенген аймагынын толук кандуу мүчөсү болушту. Эки өлкө менен аймакка кирген башка өлкөлөрдүн ортосунда чек ара текшерүүлөрү жоюлду.
Болгариянын ички иштер министри Атанас Илков жана Румыниянын ички иштер министри Кэтэлин Предою 1-январга караган түнү Русу жана Журжу шаарларынын ортосундагы чек ара өткөрмө бекетинде жолугуп, чек аралардын расмий ачылышына катышты.
Румыния менен Болгария 2007-жылдан бери Евробиримдик менен НАТОго мүчө. Бул эки мамлекет Шенген аймагына 2024-жылдын март айында кошулган. Анткен менен анда бир гана деңиз жана аба чек аралары ачылган. Жердеги чек араны ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр бир жылга созулду.