29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Дамира Бообекова, ал Бишкек шаарынан келди.
Бообекованын айтымында, Кыйын долбоору айылдагы көйгөйлөрдү көтөрүп жатат.
«Кыйын эң биринчи маданияттуулукка үйрөттү, басып туруу, өзүн алып жүрүү өңдүү бир топ ар тармактуу маселелерди үйрөндүк, абдан жакшы долбоор экен. Айылдын көйгөйүн силер көтөрүп жатасыңар, долбоор көмүскөдө калган айымдарды чыгарып жатат», — деди ал.