Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) 20-майдан 24-майга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таш түрүшүү иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулуп турат.
Буга байланыштуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууну эскертет.
Белгиленгендей, иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.