• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боомдо бүгүндөн тарта таш түшүрүү иштери жүрөт

15 Бугу 20239:00 Бишкек Govori.TV

15-19-май күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында жүрөт.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан аталган күндөрү саат 09:00 — 15:00 чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат. Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.

Количество просмотров: 101