• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Боомдо төрт кафе жабылды

31 Үчтүн айы 2024 12:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жайгашкан төрт коомдук тамактануучу жай жабылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкен.

Маалыматка ылайык, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматына Бишкек — Нарын — Торугарт эл аралык жолунун 69+215 чакырымында жайгашкан “Холодок”, “Fast food”, “Кофе с собой”, “Обжарка” объектилеринин тиешелүү укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап, аныктоо боюнча жарандардан арыз келип түшкөн.

Аталган объектилерди текшерүүдө тиешелүү укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтери жок экендиги аныкталып, материалдар тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.

Жыйынтыгында, “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө обьекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамына ылайык, аталган 4 объект толугу менен алынып, жер аянты калыбына келтирилди.

Теги:
Количество просмотров: 3609