Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда саат 10:02 мүнөттө жол каттамдары эки тараптуу ачылды. Ошондой эле болжол менен 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды.
Ал эми Кыз-күйөдө селдин кесепеттерин тазалоо иштери уланууда. Жана ошондой эле темир жолчулар да өз иштерин аткарууда.
«Кыргыз Темир жолу» ишканасы селден улам Балыкчы-Бишкек темир жол каттамы жабылганын кабарлаган. Ал эми темир жол каттамы качан ачылаары азырынча белгисиз.
Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129-чакырым аралыгында жана 131чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.
Үзгүлтүксүз тазалоодон улам бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип эки тарапка тактап айтканда, Бишкек – Балыкчы – Нарын жана Балыкчы – Нарын– Бишкек каттамына кезек-кезеги менен автоунаалар өткөрүлүп келген.