• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Боомдо унаа жолу бир тараптуу ачык

1 августа 2022 в 15:52 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайындагы жол бир тараптуу ачык. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Боом капчыгайындагы жолдун Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу тилкесин алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоодон чогулган сел каптады.

Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы жана 154-155-чакырым аралыктарында 2 тилкеде сел катталды. Учурда жол бир тарапту ачык.

Кыян жүрүп, сел каптаган жерге тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, №10 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 121

Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда