• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Боомдо жол кайрадан эки тараптуу жабылды

5 Баш оона 202217:35 Бишкек Govori.TV

Алдын ала түшкөн маалымат боюнча саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында 2 тилкеден сел суулары жүрүп, жолду кум-шагылга толтурган.

Учурда облустарды бириктирген жол эки тараптуу жабык. Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында КР ӨКМнин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат берет.

Количество просмотров: 3428