• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

16 Жетинин айы 202515:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:

— Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
— Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;
— Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;
— Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;
— 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.

Количество просмотров: 104