• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Борбор Азия өлкөлөрү гендердик зомбулукка каршы бирге күрөшөт

1 Теке 2024 9:16 Бишкек Govori.TV

Борбор Азия өлкөлөрүндө гендердик зомбулук маселеси күн тартибиндеги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетинин мүчөсү Мадина Жарбусынованын айтымында ар бир үчүнчү аял гендердик зомбулукка кабылат.

“Бул глобалдык чоң көйгөй. Изилдөөлөргө таяна турган болсок ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулукка кабылган. Бул латенттүү көрүнүш экенин белгилөө зарыл. Баары эле зомбулукка кабылганн ачык айтып чыга алабы деген суроо бар. Өзгөчө биздин (Орто Азия) региондо, себеби бул коомчулукка ачык жар салууга уят маселе катары кабыл алынып калган. Биз канчалык унчукпай, жаап жашырган сайын бул көйгөй кулачын ошончолук кенен жаят”, — деди ал.

Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева аялдарга карата зордук-зомбулук кылгандарды жазалоодогу мыйзамдарга тыкыр көңүл буруу маанилүү экенин айтат.

“Биздин институт тарабынан зордук-зомбулуктан жабыркаганды коргоо боюнча анализ кылып жатабыз. Көбүнчө зомбулук жабырлануучунун жакындары, тааныштары тарабынан болот. Иликтөөнүн жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял ооруканага жатпай, үйүнөн эле дарыланып алса ал статисткикалык тизмеге кирбей каларын билдик. Бул факт бизди абдан тынчсыздандырды жана бул жаатта иш алып баруу аракетин көрүүдөбүз”, — деп билдирди Назаралиева.

Ал эми казакстандык активист Айтбек Амангелди аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү жана гендердик зомбулукка каршы күрөшүүдө эркектердин ролу абдан чоң экендигин белгиледи.

“Акыркы учурларда үй бүлөлүк зомбулук, гендердик зомбулук тууралуу маселелерди көптөр ачык айтып чыга баштады. Ошондой эле бул маселеге эркектер да өз үнүн кошуп, каршы пикирин айтып чыгып жаткандары кубандырат. Мисалы биз зомбулукка каршы күрөшүү боюнча ыктыярчылык ишти баштап жатканда эркектер абдан эле аз болчу. Азыр катарыбызда эркектер да көбөйүп жатат, бул абдан жакшы”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, 27-28-июнунда Алматы шаарында Гендердик зомбулукту жоюу боюнча Борбордук Азия альянсынын аймактык конференциясы өтүп, ага альянска мүчө болгон Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан катышуучулар келген.

Иш-чаранын алкагында гендердик теңчиликти илгерилетүү, аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү жана гендердик зомбулукка каршы күрөшүүдөгү ыкмалар талкууланды.

Ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан ушул жылдын аягына чейин гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен стратегияны жана иш-аракеттер планын иштеп чыгууну макулдашышты.

Конференция альянстын биринчи жылдыгына арналды. Конференциянын катышуучуларын «БУУ-Аялдар» уюмунун Казакстандагы кеңсесинин жетекчисинин м.а. Дина Амришева; «Быйыл биз Борбордук Азия аймагында гендердик теңчиликти илгерилетүү, аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү жана гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз», — деп белгиледи.

Конференциянын жыйынтыгында альянстын мындан аркы ишмердүүлүгүнө негиз боло турган бир катар маанилүү документтер иштелип чыгат.

Гендердик зомбулукту жоюу боюнча Борбордук Азия альянсы – гендердик зомбулукка каршы күрөштө бардык кызыкдар өнөктөштөрдүн аракеттерин бириктирген аймактык платформа.

Ал өткөн жылы 27-июнунда БУУ менен Европа Биримдигинин биргелешкен “Жарык шооласы” демилгесинин аймактык программасынын алкагында, Казакстандагы “БУУ-Аялдар” структурасынын жана министрликтин колдоосу менен түзүлгөн.

Количество просмотров: 9