• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыйын: Бычак жеген келиндин үч баласы жетим калды. Зомбулук качан токтойт? (Түз эфир)

8 Чын куран 2024 16:23 Бишкек Govori.TV

34 жаштагы Рахима Айкымбаева 4-апрелге караган түнү бир нече жеринен бычакталганы маалым болду. Кылмышка шек саналып 33 жаштагы жаран кармалып, эки айга камалды. Артында чиедей үч баласы калды. Балдарынын кичүүсү төрт жашта.

Бишкек шаардык милициясы 4-апрелде келиндин өлүмүнө шек саналып 33 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалганын билдирди. Ал келиндин мурунку жолдошу болгону айтылууда. Маркумдун туугандары шектүү жазасын жеңилдетүү үчүн милицияга өзү барганын айтышууда.

Келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоголуп, тиешелүү экспертиза дайындалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны4-июнга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева окуяны өз көзөмөлүнө алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул тапта Акыйкатчы институту кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо мыйзамын жакшыртуу максатында мониторинг жүргүзүп жатат. Өткөн жылы аталган мекемеге 100дөн ашуун адам кайрылган. Алардын ондон ашууну балдарга карата сексуалдык, тогузу үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, өлкөдө жыл башынан бери эки айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2523 фактысы катталган.

Мунун ичинен 70 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын ичинде эки иш Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен, төрт иш аталган кодекстин 130-беренси («Саламаттыгына оор залал келтирүү»), экөө 131-беренеси («Саламаттыгына анча оор эмес залал келтирүү»), 12 иш 154-берене («Зордуктоо») жана башка беренелер менен козголгон.

Булардын ичинен 32 иш сотко жөнөтүлүп, 25 иш өндүрүштөн кыскартылган, учурда өндүрүштө 13 кылмыш иши бар.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча эки айда 2247 адамга, анын ичинен 2086 аялга, 112 эркекке жана 49 балага коргоо ордери берилген.

Бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен 764 протокол түзүлүп, 727 протокол сотко жиберилген. Айыпталган 204 адам сот чечими менен административдик иштерге тартылса, 396 адам камакка алынган. Бузуулар кодексинин 71-беренеси (Ордердин шарттарын аткарбоо) боюнча алты протокол түзүлгөнү кабарланды.

Былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп экени айтылган. 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон.

Ток-шоунун катышуучулары: Айкынбай кызы Айсулуу — Рахима Айкымбаеванын эжеси; Адылова Нуржан — ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы; Улара Касымбекова — Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн эксперти.

Модератор: Кайыргул Урумканова.

Количество просмотров: 382