• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Душанбеде Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы жүк ташуу маселеси талкууланат

20 Жалган куран 2024 15:29 Бишкек Govori.TV

Быйыл май айында Душанбе шаарында «Тянь-Шанга жол» аттуу эл аралык конференция өтүп, ага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин транспорт тармагындагы жетекчилери менен эл аралык уюмдар катышат.

Тажикстандын Транспорт министрлиги 29-30-майда өтө турган конференцияда Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы эл аралык жүк ташуу маселесин, Кытайдан жабдууларды жана жүктөрдү жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулоо пландалып жатканын билдирди.

Орусиянын Украинага карата баскынчылыгына байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Батыш өлкөлөрү Борбор Азия мамлекеттерин Орусияны айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду жөнгө салууга чакырып келишет.

Количество просмотров: 105