Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларына Президент Садыр Жапаровдун атынан расмий сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда президент Садыр Жапаровдун атынан Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевге расмий сый тамак уюштурулду.
Сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталды.







